Эл аралык кинофестивалда кыргызстандык эки тасма сыйлыкка татыды

Автор -
273

Башкортостандын борбору Уфа шаарында өткөн “Күмүш Акбузат” эл аралык кинофестивалында кыргызстандык эки тасма сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Кыргызстандык режиссер Бекзат Пирматов “Аврора” тасмасы үчүн “Мыкты режиссердук иш” сыйлыгын алды. Ошондой эле Айбек Дайырбеков “Дарак ыры” тасмасы үчүн Башкортостандын Кинематографисттер бирикмесинин Малик Якшимбетов атындагы атайын сыйлыкка татыган.

Фестиваль Уфа шаарында 24-27-август күндөрү болуп өттү.

Бөлүшүү