Кыргызстандык Антонина Шевченко UFC беттешине жолдомо алды (Видео)

Автор -
201

Ultimate Fighting Champiоnship (UFC) президенти Дана Уайт Антонина Шевченкого келишим түзүү сунушун киргизди. Бул тууралуу спорттук уюмдун социалдык түйүндөгү расмий баракчасында маалымдалат.

Кечээ, Лас –Вегаста (АКШ) Дана Уайттын –Dana White s Tueday Night Cоntender Series турнири болуп , анда негизги кармаш Кыргызтандык Шевченко менен АКШнын спортчусу Жамелин Ниверанын ортосундагы болгон. Шевченко техникалык накаут жасап, ишенимдүү түрдө жеңишке жеткен.

Жыйынтыгында Кыргызстандык спортчу UFC менен келишим түзүүгө мүмкүндүк алган.

Мындан сырткары Антонина Шевченконун UFC мелдешиндеги проморолиги чыкты.

«Бир тууганым Валентинанын ийгиликтерин көргөн күйөрмандар менден дагы ошол нерселерди күтө башташты. Өз атымды чыгарыш үчүн талыкпай күрөшөм»,-деп билдирди Шевченко.

Бөлүшүү