Валентина Шевченконун кийинки атаандашы ким экени белгилүү болду

Автор -

UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко чемпиондук курун сактап калуу үчүн америкалык мушкер Лиз Кармуш менен беттешет. Бул тууралуу элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, беттеш  2019 – жылдын 20 – июль күнү Сан-Антониодо өттүшү мүмкүн.

Белгилей кетсек, Шевченко 2010 – жылы Оклахомдогу беттеште Лиз Кармушдан техникалык нокаут  менен жеңилип калган.

Буга чейин, Кыргызстандык мушкер 57 кг салмакта америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп, чемпиондук наамын коргоп калган.

Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоду (Видео)

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү