Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт

Автор -

«Коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт», деп, бүгүн, 27-июнда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Судьялар, прокурорлор, тергөөчүлөр, адвокаттар, милиция кызматкерлери 2019-жылдын 1-январынан баштап, жаңы тартипте, жаңы реалдуулуктун шартында иштөөгө милдетүү. Коомчулук колдон келген бардык көмөгүн көрсөтүшү зарыл. Президент коорупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон каларын баса белгиледи», — деди президент.

Бөлүшүү