Мамкаттоонун коррупцияга шектелген кызматкерлери айып пул төлөшөт

Автор -

Жаңы муундагы биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку кызматкерлерине өкүм чыкты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тергөөдө мекеменин мурунку статс-секретары, төрага орун басары жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамды бузуп, мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүү үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталды.

Жыйынтыгында, алар «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, акчалай айыпка жыгылышты. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Руслан Сарыбаев менен «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаев ар бири  270 000 сомдон, ал эми статс-катчы Данияр Бакчиев 230 000 сом мамлекетке төлөп беришет.

Өкүм чыгарууда сот айыпталуучулардын тергөө учурундагы жүрүм-турумун жана  күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, өкүнгөндүгүн эске алды.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы А.К.Шаикова коррупция боюнча айыпталып, азыркы учурда эл аралык издөөдө.

Учурда биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча бардык катыштыгы бар адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу багытында тергөө иштери уланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү