Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгында каза болгон аялдын жакындары табылды

Автор -

Чычкан капчыгайындагы жол кырсыгынан улам каза болгон келиндин жана анын баласынын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон келин Ош облусунун Ноокат районунун Капчыгай айылынын тургуну 31 жаштагы М.З. болгон. Ал эми анын уулу Жуманазар 2 жашта.

«Каза болгон келин жолдошу менен Токмок шаарында жашап жүрүп, кырсык болгон күнү Ноокат районундагы туугандарынан кабар алуу максатында жолго чыккан. Учурда маркумдун сөөгү жакын туугандарына өткөрүлүп берилди», — деди айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркап, 2 адам каза болгон. Жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага жеткирилген жабырлануучулардын аты-жөнү такталган.