ӨКМ: Күтүлүп жаткан нөшөрдөн улам сел жүрүшү мүмкүн

Автор -

Кыргызстандын аймагында 28-июндан 1-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрдөн улам өлкөдөгү сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору.

«Ошол себептен жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишкана, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл»,- деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бүгүн, 28-июнда Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бөлүшүү