Баткенде куткаруучулар каналга түшүп кеткен 25 жаштагы жигитти куткарып калышты (фото)

Автор -

Баткен шаарында куткаруучулар сууга чөккөн адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,кечээ саат 14:22 чамасында Баткен облусунун Баткен шаарындагы Батырканов атындагы каналга адам түшүп, агып кеткендиги тууралуу маалымат ШИИБнөн түшкөн.

КР ӨКМнин №3 өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жерине ыкчам жетип барышып,  1993-жылы туулган Маматашым уулу Илгиз аттуу жаранды каналдан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жабырлануучунун абалы канааттандыраарлык.

Бөлүшүү