Үстүбүздөгү жылдын 5 айында жалпы жугуштуу ичеги-карын оорулары 1,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, оорунун жогорку көрсөткүчтөрү Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарында катталып, жалпы көрсөткүчтөн 25,4 пайызга жогору болгон.
«Оорунун жогорулашы май-сентябрь айларына туура келет, ал эми август айы оорунун эң көп катталган мезгили болуп саналатю. Жугуштуу ичеги-карын ооруларынын негизги себептеринин бири болуп, өздүк гигиенаны сактоо эрежелерин бузуу эсептелинет. Ошондуктан бул оору менен көбүнчө балдар көбүрөөк оорушат»,-деп айтылат маалыматта.