Фракциялар отурумунда Саламаттыктык сактоо министрдигинин ишмердүүлүгү сынга алынды

Автор -

Бүгүн, 1-февралда «Республика – Ата Журт» парламенттик фракциясынын отурумунда КР Саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы, мамлекеттик программалардын аткарылышы жана жүргүзүлүп жаткан реформалары жөнүндө маалымат угулду.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасындагы абал тууралуу КР саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин баяндамасынан кийин фракция депутаттары  министрликтин ишин сынга алышты. Депутат Умбеталы Кыдыралиев электрондук саламаттыкты сактоо тутумун киргизүү боюнча долбоор канча жылдан бери ишке ашпай келе жатканынын билдирди. Мындан сырткары, тармактык министрликтин бул долбоор боюнча үстүбүздөгү жылга карата иш-чаралар планы жоктугун, бюджетте эсепке алынбагандыгын кошумчалады. Эл өкүлү саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы күнүмдүк эле иштер менен алектенип жаткандыгын белгиледи. Депутат Махабат Мавлянованын пикиринде, бул министрлик Өкмөттүн алсыз звеносу, анткени, бир катар тармактык көйгөйлөрдү чечүү боюнча орчундуу кадамдар жок.

Талкууда депутат Сагындык Келдибаев министрдин ишмердүүлүгү боюнча калк арасында көптөгөн нааразычылыктар бар экенин айтып, анын кадрдык саясатына токтолду. Эл өкүлүнүн билдиришинче, министр кадрдык дайындоолорду Эмгек кодексиндеги ченемдерди сактабай жүргүзүүдө. Ошондой эле айрым дайындалган кадрлар мурда коорупцияга байланышы барлар же ар кандай эреже бузуулардан улам жоопкерчиликке тартылгандар болуп чыгууда.

Депутат Аида Исмаилова Башкы прокуратурага Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медициналык борборлорду оптималдыштырууда мыйзамдуулуктун сакталышын текшерүүнү сунуш кылды. Бул багытта борбор калаанын төрт районуна жетекчилерди дайындоонун мыйзамдуулугун да кароо керектигин кошумчалады. Фракция мүчөсү Марлен Маматалиев Өкмөттүн ишин артка тарткан бул министрликтин башчысына карата чара көрүүнү вице-премьер-министр А.Өмүрбековага сунуштады.

Мындан сырткары, эл өкүлдөрү контрафакттык дары-дармектерден, гранттык каражаттарды натыйжасыз пайдалануудан коргонуу механизмдеринин жоктугуна, Милдетти медициналык  камсыздандыруу фондун (ММКФ) министрликке кошуу зарылдыгына дагы көӊүл бурушту. Ошондой эле медициналык мекемелердеги кызматтык орунжайлар ырааттуу пайдаланылбай жаткандыгы, калкты тейлөөдөгү начар кызмат көрсөтүү, мамлекеттик лабораториялык борборлордун жоктугу сын-көз караш катары айтылды. Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын негизинде иштеп чыгуу зарылчылыгы белгиленди.

Бөлүшүү