Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театрына жаңы жетекчи дайындалды

Автор -

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрынын жетекчиси болуп Евгений Кузнецов дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

«Бүгүн, 3-июлда тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койду. Ал эми театрда эмгектенген жамаатка жаңы директорду министрдин орун басары Айнура Султанбаева тааныштырды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Евгений Кузнецов 42 жашта. Мурда Бишкек шаарынын мериясында, акыркы учурда өкмөттүн аппаратында иштеген. Жогорку билимдүү. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү