Бабанов Жээнбековго баласын куттуктаганы үчүн ыраазычылык билдирди (Видео)

Автор -

Бүгүн, 3-июлда Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбековго баласын куттуктаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Баламды ийгилиги менен куттуктап, жакшы каалоо айтканыңызга терең ыраазымын!» — деп жазылат билдирүүсүндө.

Нурэмир Бабанов ЖРТдан 224 балл алып, «Алтын сертификат» ала турган бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирген. Бүгүн президент аларга «алтын сертификат» тапшырды.

Бөлүшүү