Түркмөн президентинин аргымагы Гиннестин рекорддор китебине кирди

Автор -
206

Түркмөнстан кезектеги жолу Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул жолу рекордду түркмөн президентинин аргымагы көрсөттү.

Түркмөн ММКлары билдиргендей, Бердымухаммедовго таандык Ахалтекин жылкы комплексинин күлүгү арткы буттары менен чуркоодо 10 метр аралыкта башкалардан биринчи жолу марага келген. Акхан арткы аяктары менен тик туруп, бул аралыкты 4,19 секундда багындырган.

ТДХ маалымат агенттиги түркмөн күлүгү 2016-жылдагы көрсөткүчтү эки эсеге жакшыртканын жазды.

Расмий билдирүүдө бул рекорд – саяпкерликти өнүктүрүү жана бул тармакты дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу боюнча президент Гурбангулы Бердымухамедов жигердүү иштеп жатканын далилденгени айтылат.

Ахалтекин аргымактары Түркмөнстандын улуттук сыймыгы болуп эсептелет. Жылкы чарбачылыгын өлкө башчысы өзү көзөмөлдөйт. Президент Бердымухаммедов аргымактар тууралуу бир нече китеп жазып, өзү да ат чабыштарга катышып жүрөт.

 

Бөлүшүү