Түркмөнстандын президенти «ардактуу аксакал» наамын алды (Видео)

Автор -

25-сентябрда Түркмөнстанда Калк кеңешинин (Халк Маслахаты) жыйыны өттү. Бул орган 2017-жылы Аксакалдар кеңешинин ордуна түзүлгөн.

Жыйында Түркмөнстандын 62 жаштагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовго «Элдин ардактуу аксакалы» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, сыйлык элдин суранычы боюнча Түркмөнстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата берилген. Өлкө Көз карандысыздык майрамын 27-октябрда белгилейт.

Калк кеңешинин жыйынында Бердымухамедов бул органды реформалап, аны парламенттин бир бөлүгү катары түзүүнү сунуштады. Ага ылайык, Түркмөнстан парламенти эки палаталуу системага өтөт, Кеңеш болсо парламенттин жогорку палатасы болот.

Бердымухамедовдун айтымында, эки палаталуу система калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын коргоп, эл менен иштешүүгө, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Учурда Түркмөнстан парламенти бир палатадан турат. Шайлоо округдары боюнча 125 депутат беш жылдык мөөнөткө шайланат. Формалдуу түрдө бул орган көп партиялуу болуп эсептелет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү