Сириянын түштүк-батышында аба соккулары кайрадан башталды

Автор -

Сириянын түштүк-батышында өлкө президенти Башар Асаддын бул аймактагы бийликти калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрү натыйжасыз болгондон кийин аба чабуулдары кайрадан башталды.

Тафас калаасында, Дераа шаарынын түндүк-батышында жана Сайда шаарында абадан сокку урулду. Бул тууралуу Адам укуктарына көзөмөл жүргүзгөн сириялык топ маалымдады.

Сирия президенти Башар Асад орусиялык авиациянын көмөгү менен өлкөнүн түштүк-батыш аймагында чабуул жасап келет. Алардын максаты – бул аймакты оппозициялык топтон тартып алуу. Укук коргоочулар шаршемби күнү Сайда шаарына бомбалар ташталганын кабарлады.

Оппозиция өткөн ишембиде согушту токтотуу жөнүндө Орусия менен макулдашууга аракет жасаган. Бирок орток чечимге келе алышкан эмес.

“Эркин сириялык армия” фракциясынын өкүлү Reuters агенттигине “орусиялык тараптын туруксуздугунан” макулдашуудан майнап чыкпай калганын айтты. Оппозициянын дагы бир мүчөсү Орусия курал-жаракты толугу менен өткөзүүнү талап кылганын белгиледи.

Өткөн ишембиде Иордания тышкы иштер министри Айман Сафади Москвада Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан. Сафади эгер чабуул токтобосо, Сириянын түштүгүндө гуманитардык апаат болорун билдирген.

Бөлүшүү