Бишкекте 6 унаа кагышып, бир бала жабыркады (Видео)

Автор -

Бишкектеги Гагарин жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде алты жеңил унаа кагылышып, кичинекей бала жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы кечээ, 4-июлда болжол менен саат 15:10до катталган. Унаалардын көбү Гагарин көчөсүндө жол боюнда токтоп турган.

“Кырсыктын натыйжасында №3 балдар ооруканасына анча оор эмес жаракаты менен кичинекей бала жеткирилген. Ал эми келтирилген чыгым боюнча айдоочулар өз ара мкулдашып алышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу видеону социалдык түйүндөргө кырсыктын күбөлөрү жарыялашкан.

A post shared by bishkeknews (@bishkeknews) on

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү