Ысык-Көлдө коопсуздук талаптарына жооп бербеген 8 пансионат жабылды (тизме)

Автор -
222

Ысык-Көлдө коопсуздук талаптарына жооп бербеген 8 пансионат жабылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат Ысык-Көлдүн жээгиндеги 193 пансионатты май айынын башында текшерип, алардын 60 пайызына эскертүүлөрдү берген.  Текшерүүнүн жыйынтыгында «Казак тукуму», «Береке», «Кооператор», «Белек», «Билимдер академиясы», «Телтору», “Соц-Олимп», «Сосновая роща» пансионаттары жабылган.

Ал эми булардан тышкары жыл башында даярдыгы начар болуп эскертүү алган эс алуу жайлары азыр кемчиликтерди жоюп, иштеп жатышат. Ысык-Көлдөгү туристтик сезон май айында ачылып, сентябрга чейин уланат

 

Бөлүшүү