Чувашияда жол кырсыгынан үч кыргыз жараны каза болду

Автор -

Орусиянын аймагында жол кырсыгынан үч Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын эки жараны Чебоксары шаарындагы ооруканада жатышат. Учурда 36 жаштагы И.А.Х. жана 27 жаштагы Д.А.А., бейтапканада жатат.

Азырынча жабыркагандардын саламаттыгы тууралуу эч кандай маалымат айтыла элек.
Мурда маалымдалгандай, Чуваш Республикасынын «Волга» трассасынын 725-чакырымында жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан.

Чувашия ИИМнин билдирүүсү боюнча, жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, карама-каршы тилкеге чыгып, кырсыкка кабылган. Унаанын артында отурган аял жана 2 – 5 жаштагы эки жаш бала каза болгон.

Жабыркаган айдоочу менен жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Бөлүшүү