Эртең, 7-июлда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +34…+39;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+38;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39;
Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +35…+40;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +36…+38 градус болот.
Белгилей кетсек, буга чейин «2018 -жылдын 7-9-июлунда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт»,-деп билдирген ӨКМдин басма сөз кызматы.