Чоң-Чүй каналына чөгүп кеткен 33 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

Автор -

2018-жылдын 4-июль күнү Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылындагы Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган А. Ж. аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

5-июль күнү издөө иштерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан (КДМБ) 13 куткаруучу тартылып, бирок натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 6-июль күнү  издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине саат 08:35те КР ӨКМнин КДМБдан 13 куткаруучу тартылып, саат 14:35те маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү