Эрдогандын ант берүү аземине 17 өлкөнүн мамлекет башчылары катышат

Автор -

24-июндагы шайлоодо 52 пайыздан көп добуш алып кайрадан президент болуп шайланган Режеп Тайип Эрдогандын 9-июлда өтө турган ант берүү аземине 17 өлкөнүн мамлекет башчылары катышат.

Венесуэла, Казакстан, Македония, Гвинея, Сомали, Замбия, Босния-Герцеговина, Болгария, Грузия, Македония, Пакистан, Кыргызстан, Украинанын президенттери же мамлекет башчылары катыша турган аземде көп сандаган өлкөдөн парламенттин төрагасы жана өкмөт башчылары да болот.

Президент Эрдоган аземден кийин коноктордун урматына кечки сый тамак берет.

Президенттик система, Эрдогандын ант бериши менен расмий башталган болот.

Бөлүшүү