Жээнбеков Казакстандын борборунун 20 жылдыгына карата Астана шаарында (фоторепортаж)

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Астана шаарына бир күндүк визит менен Казакстан Республикасынын борборунун 20 жылдыгына карата иш-чараларга катышуу үчүн барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте «Астана» Эл аралык финансы борборуна барды. Бул борбор кечээ, 5-июлда расмий ачылган.

«Астана» Эл аралык финансы борбору ЭКСПО-2017 дүйнөлүк көргөзмөгө колдонулган аймакта жайгашып, финансылык тейлөө эл аралык борбору, фондулук биржа жана эл аралык коммерциялык арбитражды өзүнө камтып, инвестицияларды алып келүү, капитал рыногун өнүктүрүү, активдерди башкаруу жана жаңы финансылык технологияларды өнүктүрүү менен алектенет.

Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар салтанаттуу сый азем менен жыйынтыкталат.

Бөлүшүү