Аба ырайы: Абайлаӊыз 10-июлда да күн 40 градус ысыйт

Автор -
350

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы дагы эки-үч күнгө уланарын эскертти. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн үзбөй сугаруу сунуш кылынат.

9-10-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суу кириши мүмкүн.

10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жана Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;

Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 35…40;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 31…36 градус болот.

Бишкекте 10-июлда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 38…40 градуска чейин ысыйт.

Бөлүшүү