Бир нече ондогон жылдар мурун нан жана ундан жасалган башка азыктар бир гана шаардык ири нан бышыруучу заводдордо гана эмес, чакан жайларда да чыгаарын элестете алчу эмеспиз.
Бирок, азыр бул тармак барган сайын өнүгүп, көптөгөн жаш ишкерлерди өзүнө тартты. Пайда болчу суроо, нан бышыруучулар өзүнөчө иштеши керекпи, же супермарткеттин бир бурчун алып, нан чыгара берсе болобу?
Кандай болбосун, өндүрүш уюмун баштоого кылдат мамиле жасалса, ал тез эле кирешелүү болуп чыга келет. Башталышында ишкананын өзүнө таандык өзгөчөлүктөрүн, бардык кыйынчылык- жеңилдиктерин, кетире турган чыгаша жана күтүлгөн кирешени камтыган бизнес- план түзүңүз.
Жеке нан бышыруучу жай салтка айлангандай чакан өндүрүш экенине карабай, алар ири нан заводдору менен атаандаштыкка барышы мүмкүн. Бул продукциянын түрлөрүнүн абдан көптүгүнө жана ири ишканалар колдоно албаган уникалдуу өндүрүш технологиясын колдонууга жараша болот. Андан тышкары нан бышыруучулар өздөрүнүн жеке рецептерин колдонушат, ошондуктан аймакта ал турмак, өлкөдө жок продукциянын жаңы түрүн чыгарышат.
Нан бышыруучу жай ачуу үчүн биринчи тепкичте бардык уруксат берүүчү сертификаттарды алуу турат. Мындай сертификат ишкерге ишканасын үзгүлтүксүз иштетип кетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондой эле санитардык- эпидемиологиялык кызматтын жана аймактагы экологиялык көзөмөл кызматынын да уруксаты керек.
Тажрыйбалуу ишкерлер нан бышыруучу жай сыяктуу бизнести ачуунун бир канча өзгөчөлүгүнө токтолушат. Негизгиси нан бышыруучу жайды нак кардарларга ыңгайлуу боло турган жайга ачуу керек.
Бул сатып алуучулардын санын көбөйтүп, жеткирүүдөгү чыгымды жокко чыгарат, демек, нандын баасы да ылдыйлайт. Анын шарапаты менен нан бышыруучу жай продукцияларын көп эмес өлчөмдө чыгарат да, алар дайыма жаңы бышырылган болот. Сатып алуучулар мындай товарды эскиргиче эле алып түгөтүшөт. Товардын көп түрдүүлүгү -чакан нан бышыруучу жайдын дагы бир өзгөчөлүүлүгү.
Чакан нан бышыруучу жайлар продукциянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдөн кыйналышпайт. Алар чакан болгондуктан, чыгарган товарлары да саны жагынан чектелип, өзгөрүүгө тоскоолдук жаратышпайт. Ал эми ири нан заводдорунда мындай мүмкүнчүлүк болбогондуктан бул жагынан чакан нан бышыруучу жайларга орун бошотушат. Продукциянын түрүн өзгөртүп туруу кардарларга жагат жана талаптары аткарылганына канааттанышат.
Андан тышкары, чакан нан бышыруучу жайлар ар бир кардарга өзүнчө мамиле жасай алат. Бул нан бышыруучу жайга болгон суроо-талап дайыма күчүндө болоорун билдирет. Өлкөнүн кайсы аймагында болбосун нан бышыруучу жай ачуу ийгиликтүү үй-бүлөлүк бизнеске айланаарында шек жок.
Нан бышыруучу жайдын орунун абдан терең ойлонуп табуу керек. Айланада башка нан бышыруучу жайлар жок экенин байкаңыз, ири нан заводдордун да болбогону дурус. Эгер сиз нанды өндүрүлгөн жерден алыс эмес аймакта сатууну кааласаңыз, анда нан бышуучу цех үчүн күнү бою элдин агымы тыйылбаган көчөдө жайгашкан имараттардан тандаңыз.
Эгер өндүрүш продукцияны дүң баада сатып алуучулар менен келишим түзгөн болсо, анда сатып аларга кайсы жер ыңгайлуу болсо ошол жерден имарат тапсаңыз болот. Нан бышыруучу цех жайгашкан жер ыңгайлуу жол жана кенен автоунаа коюулуучу жайдын жанында болсо андан да сонун.
Нан бышыруучу цехти жайгаштыруу үчүн орточо 100 чарчы метр аянт зарыл. Чакан нан бышыруучу цехтерди жарым жер төлө, же жер төлөдө ачуу деле туура. Имарат тандаганда имараттын ичинде аба тазалоочу аппараттын бардыгына, ал туруктуу иштей турганына жана суу жеткирүүчү, башка дагы коммуникациялык тутумдардын бардыгын караңыз.
Ошондой эле нан бышыра турган жер менен даяр болгон продукцияларды сактоочу жай эки башка бөлмөдө жайгашышы керек.
Андан соң өндүрүштү уюштурууга тийиштүү жабдыктарды сатып алууга кезек келет. Орточо эсеп менен нан бышыруучу цех үчүн технологиялык линия 60 миң доллардын тегерегинде бааланат. Жабдыктардын функциялары канчалык көп болгон сайын наркы да кымбаттайт. Атамекендик жана импорттук өндүрүштөн чыккан жабдыктар бар.
Албетте, эң бир сапаттуу жабдыктар деле квалификациялуу адис болмоюнча иштебейт. Тажрыйбалуу жана билимдүү жумушчулар нан бышыруунун технологиялык жараянын ийгиликтүү аткарууну камсыздайт. Өндүрүшкө жогорку квалификациялуу адистер — өндүрүш мастери, технологдор жана катардагы жумушчулар менен ар кайсы жумушту аткаруучулар керектелет. Жумушчулардын милдеттенмелеринин деңгээлинен жана аларга жүктөлгөн жоопкерчиликке жараша айлык маяналары да белгиленет. Башкача айтканда ,технолог дайыма катардагы жумушчудан көбүрөөк айлык акы алышы керек.
Сөзсүз түрдө цехке келүүчү чийки заттын сапатына да көңүл буруңуз. Эсиңизде болсун, өндүрүштүн ийгилигинин тең жарымы чийки заттар — ун, жумуртка, суу жана башка кошулмалардын сапатынан көз каранды. Мында майда маселелер болбойт, чийки зат сатып алуудагы көзгө көрүнө бербеген катачылык дагы товардын жараксыз болуп калышына алып келет.
Нан бышыруучу цех ачып акча табу үчүн жөн гана даамдуу нан бышырып коюу жетишсиз, дүң жана чекене баада сатып алуучу кардарлар менен келишим түзө да билүү керек. Тажрыйбалуу ишкерлер оптималдуу варинат дүң сатып алуучу фирмалар менен туруктуу негизде келишим түзүү туура болооруна ишендиришет.
Алардын функционалдык милдеттенмелери нан бышыруучу цехтен продукция сатып алып, шаардын ар кайсы бөлүктөрүнө жеткирүү болуп эсептелинет. Мындай акыбалда нан бышыруу цехтин кожоюну убактысынын баарын өндүрүшкө бөлүп, аны кеңейтүүнүн үстүндө иштейт.
Даамдуу продукцияны жетимдүү баада чыгаруу менен ишкер бизнеси улам көп кирешени алып келип, өнүгүп- өсөөрүнө ишенимдүү боло берсе болот.
Булак: presskg.com