Ысык-Көлдө Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган сынак өтөт

Автор -
531

Таттыбүбү  Турсунбаеванын жаркын элесине арналган сынак өтөт. «Ыртолкундары» деп аталган эл аралык сынак 11-17-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде болот. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Нуркан Турсунбаев атындагы эл аралык фондунун демилгеси менен уюштурулуп, «Рух-Ордо»маданий борборунда өтөт.

«Ырчылар арасындагы сынактын жеңүүчүсүнө 1 миллион сом байге ыйгарылат. Фестивалдын негизги максаты — кыргыздын профессионалдык музыкасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү. Катышуучулардын талантына Казакстан,  Россия, Азербайжан жана Түркиядан келген адистер баа бермекчи»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү