Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов камакка алынды

Автор -

Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага жемкорлук боюнча айып тагылууда.

Биринчи Май райондук соту Ренат Макеновдун баш коргоо чарасын карап чыгып, тергөө иши аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына калтыруу чечимин чыгарды.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жер ресурстары башкармалыгы тарабынан жер аянттарын мыйзамсыз берүү фактысынын бетин ачкан. 2014-жылдын октябрында муниципалдык менчик башкармалыгы жеке жактарга 12-кичи райондон 3,38 гектар аянттагы жерди 1 жылдык мөөнөт менен берип койгон.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү