Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга Текирдаг аймагында поезддин рельстен чыгып кетишинен улам адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү айтып коюуңузду өтүнөм. Алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, Түркиянын түндүк-чыгышында жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка кабылып, 10 адам каза болуп , 73ү жаракат алышты.
ЖМКнын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөрдү ташыган поезд Капикуле шаарынан чыгып Болгария менен Стамбулдун чек арасында бара жаткан.
Расмий маалыматтарга ылайык, аба ырайынын катаал шарты кырсыкка себеп болгон.