Таласта 15 жаштагы кыз көлгө чөгүп каза болду

Автор -

Талас облусунун Көк-Ой айылында 15 жаштагы өспүрүм кыз Нылды көлүнө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыздын туугандары куткаруучуларга жардам сурап бүгүн саат 12:30да кайрылышкан. Жерине издөөгө КР ӨКМнин Талас шаардык Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган.

Жергиликтүү тургундар кыздын жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү