Таласта жер силкинди

Автор -

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-сентябрь күнү саат 20:45те Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айылдарында 3,5 балл, Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Бакай-Ата айылдарында 3 балл, Талас шаарында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү