Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында түшкөн каражат үчүн ачылган атайын эсепке 39 миллион сом которулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бирдиктүү депозиттик эсеп бир жума мурун, 3-июль күнү КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы токтомун ишке ашыруу максатында Каржы министрлиги тарабынан ачылган.
«Мыйзамдарды так аткарууну көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында аталган эсепке Башкы прокуратура тарабынан 39 миллиондон ашыгыраак сом которулду», — деп жазылат маалыматта.
Билдирүүдө бул багыттагы жумуш улантылып жатканы айтылат