Шаардык кеңеште Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү

Автор -

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында депутаттар Бишкектин мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту айтып чыгышты. Бул сунушту жыйынга келген 39 депутат бир добуштан колдоп беришти. Кечээ шаар кеңешинин депутаттары калаада түзүлгөн кырдаал боюнча чукул жыйын чакырып атышканы белгилүү болгон. Бир нече депутат бул жыйын шаар мэрин кызматтан алып түшүү ниетинде чакырылып жатканын ачык эле айтып чыгышкан.

Шаар мэри Албек Ибраимов болсо, 10-июль күнү отпускага кеткени маалым. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары болсо, учурда  шаарда  мектептердин ремонт  иштери, күз-кыш мезгилине даярдык,  биринчи вице-мэрдин жана бир нече кызматтык адамдардын камалышы  сыяктуу көп көйгөйлөр турса, мэрдин эс алууга чыгып кеткенине нааразычылык билдиришкен. Ошондой эле, депутаттарга мэрдин аларга айтпай-дебей эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени да  жакпай калган.

Бүгүнкү шашылыш жыйынга шаардык кеңештин 45 депутатынын 39у келди. Мэрди кызматтан алып түшүүнү талкуулабай туруп эле добушка коюуну “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынан шайланган депутат Рыспай Аматов сунуштады. Көпчүлүк буга бир добуштан макул болушту.

Бөлүшүү