Өзгөн районуна жаңы аким дайындалды

Автор -
471

Бактыбек Алайчиев Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн башка буйругуна ылайык, берген арызынын негизинде мурдагы аким Олжобай Осмоналиев ээлеген кызматынан бошотулган. Осмоналиев бул кызматка 2017-жылы дайындалган.

Өзгөн району Кыргызстандагы калк жыш жайгашкан район болуп саналат. Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2018-жылы райондун калкы 267 миң адамды түзгөн.