Өзгөндөгү кен байлыктарды иштетүүнүн аймактын экологиялык абалына тийгизген таасири кандай?

Автор -
343

Үстүбүстөгү жылы Өзгөн районунун Заргер айыл аймагында иштеген «Цин Лун» ишканасы экологиялык кооптуу кырдаал жаратканы маалым болгон. Ошондон улам атайын комиссия түзүлүп, жалпы эле райондогу кен байлыктарды иштетүүнүн абалын текшерип чыгуу белгиленген. Комиссиянын төрагалыгына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов айыл өкмөттөрүнүн башчылары, тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү, ишканалардын жетекчилери менен Өзгөн шаарында жыйын өткөрдү.

Өзгөн районундагы жер байлыктарын иштетүү боюнча 143 лицензия берилген. Анын ичинен алтын казууга 2, көмүр казууга 33, нефть изилдөөгө 3, сары таш иштетүүгө 19 лицензия берилген.

Узак мөөнөткө миңдеген гектар жерлерди алып салыгын төлөбөй качып жүргөн фирмалар дагы четинен чыгат. Ал эми, жайыттардын баарын кен казгандарга берип жиберсек, эл эмне менен оокат кылат деген да суроо туулду. Ошону менен бирге эле алган жеринин тамтыгын чыгарып казып, казылган кендин калдыктарын сууга таштап, айлана-чөйрөнү булгап жаткандарга арзыбаган айып салынат экен. Депутат Улугбек Ормонов салына турган айыптын көлөмүн кайрадан карап чыгуунун зарылдыгын белгилеп өттү.

Лицензиялар жер-жерлердеги айыл өкмөттөрү менен кеңешпей туруп берилип кетет. Ошого байланышту кийин кен иштетүүнүн кесепеттери жергиликтүү элге тийип жатканы дагы айтылды.

Депутат башында турган комиссиянын негизги максаты Заргердегидей экологияга зыян келтирип, мыйзамды аттаган ишканаларды тартипке чакыруу, ишкерлерди ыгы жок тоскоолдук келтирип жаткан фактыларды четтетүү менен колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ал эми жүздөгөн гектар жерге залал келтирген ишканалардын жоопкерчилигин кароо башкы маселе.

Ошентип, Өзгөн районунда кен байлыктарын иштетип жаткан фирмалардын ишин териштирүү боюнча комиссия өз ишин баштап, эки айдын аралыгында бардыгын тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен бирге карап чыга турган болду.

Бөлүшүү