Аба ырайы: Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Автор -
201

Эртеӊ, 17-июлда өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Баткенде түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 градус ысык болот.

Бишкекте 17-июлда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 32…34 градуска чейин көтөрүлөт.