Албек Ибраимов УКМКга суракка чакырылды

Автор -

Бишкек мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармакта тараган Ибраимовго карата издөө жаряланганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

«Албек Ибраимовко карата издөө жарыяланган эмес. Бирок суракка чакырылды»,— деп айтылат маалыматта.