Сузакта 2 турак үйдүн жана сарайдын чатыры күйүп кетти

Автор -

Сузакта 2 турак үйдүн жана сарайдын чатыры күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 16-июль күнү саат 07:02 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Лаадан Кара айылынын Тынчтык көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 турак үйдүн жана сарайдын 295 чарчы метр чатыры күйүп кеткен.

Андан сырткары жалын  450 түк саман, 400 даана жүгөрү бакалын жок кылган.  Өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 08:00дө чектөөгө алынып, саат 09:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бөлүшүү