Бишкек: Дипломдук иш үчүн 400 доллар талап кылган кафедра башчысы кармалды

Автор -
324

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы студентинен 400 доллар талап кылган деп шектелүүдө. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайдын «Г.Т.» аттуу бүтүрүүчүсү арыз менен кайрылып, андан дипломдук ишти коргоодо жакшы баа коюп берүү үчүн акча талап кылып жатышканын билдирген.

Бул факт боюнча 225-берене (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) менен кылмыш иши козголду.

«2018-жылдын 14-июлунда атайын операция учурунда 27 миң сом акча алып жаткан жеринен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы «С.Р.» кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү