Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды (өмүр баяны)

Автор -
283

Ош шаарынын мэри болуп Таалайбек Сарыбашев шайланды. Шайлоого шаардык кеңештин 45 депутаты катышты. 44 депутат «макул» деп добуш берсе, бирөөсү «каршы» деп добуш берди.

Мэрликке Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашевди сунуштаган.

Талапкер аймактык шайлоо комиссиясы жалгыз талапкер катары каттаган.

Сарыбашевдин өмүр баяны

Сарыбашев Таалайбек Насирбекович 1971-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктаган.

1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1989-жылы — Алай районундагы автобазада слесарь;

1991-2008-жылдары — сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи;

2008-жылы — Алай райондук кеңешинин депутаты;

2012-2015-жылдары — Алай райондук администрациясынын башчысы;

2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.