Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Сарчаевге операция жасалды

Автор -

Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысына операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага кечээ операция жасалган. Дарыгерлер анын абалын салыштырмалуу канааттандырарлык деп баалашууда.

Белгилей кетсек, Чүй облусттук ИИБдин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевге жубайы 1983-жылкы М.Б., бычак сайган.

Аталган факты боюнча учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү