Чүйдө жүк ташыган автоунаа күйүп кетти (Видео)

Автор -

Кечээ, 18-июлда Беловодск-Покровка жолунда жүк ташыган «КамАз» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти.

Күбөлөрдүн айтымында кырсыктан жабыр тарткандар жок. Өрт чыккан учурда айдоочулар байкап калып, жүк ташуучу унаанын айдоочусуна кабарлап унааны токтотуп калышкан. Айдоочу  жабыркаган эмес, болгону машиненин ичинде анын документтери жана чөнтөк телефону калып кеткен.

Кырсык тууралуу жергиликтүү ӨКМ өкүлчүлүгүнө кабарланып өрт көчүрүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү