Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы 2 өспүрүм изделүүдө (Фото)

Автор -

Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон өспүрүмдөр Медербек Кубаныч уулу менен Исламбек Назарбаев изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы төрөлгөн классташтар Медербек менен Исламбек Октябрь айылынын Партсъезд көчөсүндө жашашат. Алар кечээ, 18-июлда болжол менен саат 07:30 чамасында үйлөрүнөн чыгып кетишкен боюнча кайра кайрылып келишкен эмес.

Медербектин өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, орто денелүү, чачы кыска жана кара, көзү кара.

Кийген кийимдери: «UFC» аттуу жазуусу бар кара түстөгү футболка, «Vintage» аттуу жазуусу бар көк түстөгү баш кийим, көк түстөгү кыска шым, күрөң түстөгү бут кийим, колуна кара түстөгү рюкзак көтөрүп кеткен.

Медербек Кубаныч уулуИсламбек
Исламбектин өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, орто денелүү, чачы кыска жана кара, көзү кара.

Кийген кийимдери: көк түстөгү футболка, көк түстөгү кыска шым, кара түстөгү ботас, колуна кара түстөгү рюкзак көтөрүп кеткен.

Исламбек НазарбаевИсламбек
Медербек Кубаныч уулу менен Исламбек Назарбаев тууралуу билгендер Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 0(312) 36-35-27, 0(700)20-96-66 , 0(550) 51-09-05 номурларына же 102 кызматына чала алышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү