Сузакта дайынсыз жоголгон 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды

Автор -

Сузакта дайынсыз жоголгон 5 жашар кыздын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 18-июль күнү саат 12:30дар чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айылындагы «Жолдош-Ата» эс алуучу жайында 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кыз ойноп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Божомол боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз Кара-Алма суусуна түшүп кеткен.

2018-жылдын 18-июль күнү жүргүзүлгөн издөө иштеринен жыйынтык чыккан эмес. 19-июль саат 06:00дө издөө иштери уланган. Издөө иштерине 10 куткаруучу, Сузак райондук ИИБинин 5 кызматкери, туугандары, жалпы 23 адам издөө иштерине тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында 19-июль күнү саат 11:30дар чамасында 5 жашар кыздын жансыз денеси болжол менен өзү жоголгон жерден Кара-Алма суусун бойлой 500 метр ылдый тараптан куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү