23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…40,
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35,
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,
Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 35…37° болот.