Эртеӊ, 24-июлда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска убакытка жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +25…+30;
Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;
Баткен облусунда +18…+23, күндүз +32…+37;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26;
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30.
Бишкек шаарында кыска убакытка жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метерге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +28…+30 градусту түзөт.