Ош облусунда сууга чөгүп кеткен эки жарандын сөөгү табылды

Автор -

Бүгүн, 23-июль күнү Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылындагы Тулпар-Көл көлмөсүнө чөгүп кеткен 2002-жылы туулган К.А. аттуу баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы Исмаил көчөсүндөгү көлмөгө чөгүп кеткен 1986-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандын дагы сөөгү табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Каза болгондор 22-июль күнү көлмөгө чөгүп кетишкен.

Бөлүшүү