Бир жумада 20 миң 335 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу КР ИИМинин ЖКККББнын башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1575 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоол болушкан;
-1814 айдоочу унаасын иштебей калган жарык берүүчү жабдык менен айдап бара жатышкан;
-743 айдоочу жол чырактан туура эмес убакта өтүп кеткен;
— 5023 айдоочуга Коопсуздук курун тагынбай айдап баратканы үчүн айып пул салынган;
-197 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган;
-Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3443 айдоочуга айып пул салынган;
-Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкарып бара жаткан 55 айдоочу кармалган;
-2728 айдоочу унаасын жогорку ылдамдыкта айдаган.
Андан сырткары 605 унаа каражаты атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.