Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда жерге берилет

Автор -
294

«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажыясы саат 10.00дө болот.

Учурда маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп жатат.

Курч иликтөөлөрү менен элге кеңири таанылган Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болду.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн жана окуя көзөмөлгө алынганын билдирди. Жакындарынын чечими менен Эгизбаевдин сөөгү 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке экспертизага алып келинди.

Бүгүн саат 11:00дө Фурманов көчөсү, 12 дарегинде жайгашкан «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өтөт.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. «Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган.

Бөлүшүү