Милиция кызматкери кыз зордуктоого аракет кылды деп шектелүүдө

Автор -

Ош шаарында милиция кызматкери  кыз зордуктоого аракет кылды деп шектелүүдө. Бул тууралуу «НТС» каналы жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, анын үстүнөн 5 күн мурда арыз түшкөн. Кылмышка шектелип жаткан адам туристтик милицияда иштейт. Ал эми арыз менен кайрылган 27 жаштагы кыз менен экөө мурдатан тааныш болгону айтылууда. Милиционер арызды ал өч алуу максатында жазганын билдирип келет.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Учурда зордуктоого шектелип жаткан 32 жаштагы тартип сакчы жумушун улантууда.