Ысык-Көл ОИИБи журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча атайын билдирүү таратты

Автор -
229

Кечээ, 22-июлда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Акун” пансионатында “Азаттык” радиосунун журналисти Улан Эгизбаев каза болгон. Бул окуяга байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ысык-Кѳл райондук ооруканасынын «Тез жардам» бѳлүмүнѳн “Акун” эс алуу жайынан кѳлгѳ түшүп жатып, азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы адам кѳлгѳ чѳгүп каза болгондугун билдирген. Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Кѳл РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, У.Эгизбаев жубайы А.Сапаргүл менен аталган пансионатта 9-июлдан бери эс алып жатышкан.

Саат 11:00 чамасында алар номеринин ачкычын администраторго тапшырышып, кетер алдында дагы бир жолу сууга түшүүнү чечишкен.

Кара-Ой айылынын тургундары 10 жаштагы Ж.Курманбек жана 14 жаштагы А.Кудайбергендин айтымында, алар ошол күнү көл жээгинде эс алуучуларга жүгөрү сатып иштеп жүрүшкөн. Сууга түшө башташканда пирстен 20 метрдей алыс жерде суунун үстүнө калкып чыгып кайра кирип жаткан адамды байкашкан. Бир убакта ал адам көлдүн үстүнө калкып чыгып калганда эс алып жаткан чоңдорго кабар беришкен. Үч киши кѳлгѳ кирип, ал адамды кѳл жээке алып чыккандыгын билдиришкен.

Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 22-жаштагы тургуну А. Сыргактын айтымында, аларга кичинекей балдар көлгө бир киши калкып калды деп айтканда эле үч адам болуп ал адамдын денесин көлдүн жээгинечыгарышкан.

Ошондой эле “Акун” эс алуу жайынын кызматкерлери Т. уулу Бакай жана медайым Ж. Назгүл адамды куткарып калуу үчүн жасалма дем алдырып биринчи медициналык тез жардам кѳрсѳтүшкѳнүн, бирок андан эч натыйжа чыкпагандыгын билдиришкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштеринин натыйжасында көлгө чөгүп каза болгон адамдын өздүгү аныкталган. Ал, “Азаттык” радиосунун журналисти Улан Эгизбаев болуп чыгып, анын сөөгу Ысык-Кѳл райондук оорукананын өлүкканасына алынып келинген.

Ошол учурда Улан Эгизбаевдин бир тууган эжеси Түп районунун Сары-Дѳбѳ айылынын тургуну К. Назгүл келип, ѳтүнүч арыз менен кайрылган. Арызында инисин Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборунан тийиштүү экспертизадан өткөрүлүшүн көрсөткөн.

Аталган факт Ысык-Кѳл РИИБде катталып, Улан Эгизбаевдин сөөгү Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборуна жеткирилди.

Учурда «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өтүүдө. 

Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты.

«Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын активдүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот»,-деп билдирди Жээнбеков.