ИИМ «Азаттыктын» журналисти катышкан окуя боюнча расмий билдирүү таратты

Автор -

ИИМ «Азаттыктын» журналисти катышкан окуя боюнча расмий билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 28-сентябрь күнү Ы. И. аттуу жаран телефон чалып, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жашоочулары анын видеокамерасын жана дрон аппаратын күч менен тартып алышкандыгын билдирген.

Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барышып, окуяны толук жана калыс иликтеш үчүн тиешелүү маалыматтарды топтошкон.

Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Ош шаарынын тургуну, «Азаттык» радиосунун оператору А. К. арыз менен кайрылып, алардын жалпы суммасы 22700 долларды түзгөн видеокамера, штатив, дрон аппаратынын башкаруу пультун 4 бейтааныш жаран тартып алышып, «Лексус-330» үлгүсүндөгү автоунаасына салып кеткендигин билдирип, алардан видеоаппаратураларды кайтарып алууга көмөк көрсөтүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранган.

Ушул эле күнү, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн жашоочусу Н.Ж. арыз менен кайрылып, анда ал 28-сентябрь күнү эртең менен саат 08.00дөн тартып жашаган үйүнүн үстүнөн дрон тынымсыз учуп, видеотасмага тартып жүргөндүгүн билдирген. Андан сырткары, жашоочулардын тынчтыгын дагы бузгандыгын маалымдаган. Арыз ээси бул окуяны инсандын жеке жашоосуна кийлигишүү катары баалап, милиция кызматкерлеринен тиешелүү чара көрүүлөрүн суранган.

Ушул эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Супаналиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн тургуну А. уулу О. короодо турган учурда башына учуп жүргөн дрон келип түшкөндүгүн, анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин билдирген. Өз арызында дрон менен жашаган үйүн, короосун тартып жатып, дронду түшүрүп жиберген жарандарга карата чара көрүп берүүнү суранган. 28-сентябрь күнү болгон фактылар Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КЖБРге катталган. Жалпысынан милицияга үч арыз түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан “Азаттык” радиосунун оператору өз аразында видео жабдыктарды тартып алды деп билдирген жарандардын өздүгү такталды. Алар өз көрсөтмөлөрүн беришүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн жабдыктар боюнча акт түзүлүп, андан соң тергөө кызматына жөнөтүлдү. Жабдыктардын ээлеринин катышуусунда кароо жүргүзүү менен тиешелүү экспертизалар дайындалмакчы.

“Азаттык” радиосунун операторуна жана арызында башына дрон кулаганын бидирген Супаналиев көчөсүнүн жашоочусуна карата денесинен алган жаракаттарынын оорлугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ички иштер органдарынын кызматкерлери Супаналиев көчөсүнүн жашоочуларынан жана окуянын күбөлөрүнөн сурамжылоо жүргүзүүдө.

Бөлүшүү